Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

2023-жылы Балыкчы-Кочкор темир жолунун 15 чакырымы бүткөрүлөт


“Кыргыз темир жолу” ишканасы тараткан сүрөт.
“Кыргыз темир жолу” ишканасы тараткан сүрөт.

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоору боюнча 2023-жылы пландалган он беш чакырымдан он бир чакырым бөлүгүндөгү алдыңкы жол даярдалды. Учурда темир-бетон, рельс төшөө иштери жүрүп жатат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жыл аягына чейин пландалган он беш чакырым темир жол бүткөрүлөрүн маалымдады. Курулушта 85 жумушчу жана 26 атайын техника иштеп жатат.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы ишке ашырып жаткан "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.

2022-жылы март айында темир жол курулушуна байланыштуу “Балыкчы” станциясында өткөн салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, жол өлкө келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG