Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы жолугушуусунда Сузактагы көйгөйлөр көп айтылды


Акыйкатчы Жамила Жаманбаева Жалал-Абадда. 2023-жылдын 29-сентябры.
Акыйкатчы Жамила Жаманбаева Жалал-Абадда. 2023-жылдын 29-сентябры.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын Жалал-Абад облусундагы эл жана жергиликтүү бийлик менен жолугушуусунда Сузак району боюнча көп нааразылык айтылды. Жолугушуу бүгүн 29-сентябрда өттү, ага жетекчилер менен чогуу эсептегенде 50дөй киши катышты.

Облус аймагында зордук-зомбулук, адам укуктарынын бузулушу жана үй, жер талашкандар, жөлөк пул ала албай жаткандар көп экени белгиленди.

Сузак районунан кайрылган жарандар көп болду, алар адам укуктары бузулган, үй-бүлөлүк зордук-зумбулук жана жашы жете электер зордукталган фактылар көп катталып жатканын билдиришти. Райондук милициянын ишине нааразылык айтылды.

Бирок жолугушууга аталган райондун акими же орун басары менен тийиштүү кызмат адамдары катышкан жок. Ошондуктан акыйкатчы президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевден жыйынга келбей калган жетекчилерге чара көрүүнү суранды.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева буга чейин Ош жана Баткен облустарынын эли менен жолуккан, ага 250дөй жергиликтүү тургун катышкан. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG