Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Пакистандагы жардырууда 50дөн көп адамдын өмүрү кыйылды


Пакистандагы жардырууда жараат алган жаранды медиктер жана жакындары көтөрүп баратат. Кветта. 29-сентябрь, 2023-жыл.
Пакистандагы жардырууда жараат алган жаранды медиктер жана жакындары көтөрүп баратат. Кветта. 29-сентябрь, 2023-жыл.

Пакистандын Белужистан провинциясында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган жыйында болгон жардырууда каза тапкандардын саны элүүдөн ашты.

Ондогон адам жараат алды. Белужистан провинциясынын маалымат министри Ян Ачакзай набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти.

Окуя 29-сентябрда провинциянын борбору Кветта шаарынан 60 чакырым алыстыктагы Мастунг районунда болгон. Иш-чарага 500дөн ашуун киши чогулган.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти бир да топ моюнуна ала элек.

Пакистандык талибдердин "Техрик-и-Талибан" тобу дароо жардырууну айыптаган билдирүү таратты.

Иран жана Ооганстан менен чектеш Белужистан провинциясындагы жардыруулардын көбүнө жоопкерчиликти буга чейин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу алган.

Ушул эле күнү, Хайбер Пахтунхва провинциясынын борбору Пешавар шаарындагы мечитке багытталган жардырууда эки кишинин өмүрү кыйылды, бир нече адам жараат алды.

Ал окуя үчүн да азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG