Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттө үч жашар бала чарчап калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы Чүй проспектисинде көп кабаттуу үйлөрдүн биринен тутанган өрттө үч жашар бала чарчап калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, кырсык тууралуу 29-сентябрда, 17.35 кабар түшкөн.

“Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн. Батирдин балкону толук өрттөнүп, анын кесепетинен 2020-жылы туулган бала чарчап калды”, - деп жазылган маалыматта.

Өрттүн тутанган себеби такталып жатат.

ӨКМдин билдиришинче, Кыргызстанда былтыр өрттөн 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым үч миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG