Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Милиция таксисттен ыдык көргөнүн айткан кыз тууралуу маалымат берди


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында ыйлап отурган кыз. Видеодон алынган скриншот.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында ыйлап отурган кыз. Видеодон алынган скриншот.

Ош шаардык милициясынын имаратынын алдында ыйлап отурган кыздын видеосу 2-октябрда социалдык тармактарга тараган.

Видеодо кыз 17 жашта экенин, таксист ага тийишкенин айткан. Милицияга ыдык көргөнү тууралуу айтуудан тартынып, таксиде телефонун уурдатып жибергени тууралуу арыз жазганын кошумчалаган. Милиция кызматкерлери телефону анын өзүндө экенин көрүп, арызын кабыл албай койгонуна нааразылык билдирген. Видеону жарыялагандар окуя түнкү саат 3төр чамасында болгонун жазган.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы ушул эле күнү түшүндүрмө таратып, талкууга түшкөн видеодогу кыз 2-октябрга караган түнү таксистке каршы арыз менен кайрылганын ырастады.

Ал Жалал-Абад шаарынын 2006-жылы туулган тургуну экенин, Ошто туруктуу жашаган жери жоктугун тактады.

Мекеменин билдирүүсүндө, анын арызы "электрондук маалыматтардын журналына катталган". Ыкчам-тергөө тобу таксистти жана күбөнү алып келип, сураган.

Милиция тергөөнүн жүрүшүндө кыздын “тарттырып жибердим” деген телефону анын жанынан табылганын, буга чейин бир нече жолу арыз менен кайрылганын, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганын кабарлады. Ал жашы жете электер менен иштеген инспекторлор жүргүзгөн рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрүп берилгенин билдирди.

Кыздын өзү же жакындары, ал "ыдык көрсөттү" деген айдоочу тараптан азырынча комментарий боло элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG