Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Нобел сыйлыгы Covid-19га каршы вакцина ойлоп тапкан окумуштууларга ыйгарылды


Медицина жана физиология жаатындагы Нобель сыйлыгына татыган венгриялык окумуштуу Каталин Карико жана америкалык илимпоз Дрю Вайсман. Нобель комитетинин залынан алынган сүрөт. 2-сентябрь, 2023-жыл.
Медицина жана физиология жаатындагы Нобель сыйлыгына татыган венгриялык окумуштуу Каталин Карико жана америкалык илимпоз Дрю Вайсман. Нобель комитетинин залынан алынган сүрөт. 2-сентябрь, 2023-жыл.

Медицина жана физиология тармагындагы Нобель сыйлыгы быйыл венгриялык окумуштуу Каталин Карико менен америкалык илимпоз Дрю Вайсманга берилди.

Сыйлык аларга Covid-19га каршы РНКнын (рибонуклеин кислоталарынын) негизинде вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапканы үчүн ыйгарылды.

"Дүйнө COVID-19 пандемиясын баштан кечирип, дагы башка эпидемиялар күтүп турган мезгилде алардын эмгеги баа жеткис", - деп айтылат Нобель комитетинин билдирүүдө.

Карико жана Вайсмандын 1990-жылдары баштаган иликтөөлөрү молекулярдуу биологиянын өнүгүшүн тездетип, РНКнын иммундук система менен иштөөсүн терең түшүнүүгө жардам берген.

Өткөн жылы бул сыйлык швециялык генетик Сванте Паабого адамдын эволюциясынын генетикалык негиздемесин ачканы үчүн ыйгарылган.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын 2022-жылкы лауреаты 6-октябрда белгилүү болот. Ага чейин физика, химия, адабият жаатындагы сыйлыкка татыгандар аныкталат.

Лауреат болгон адам тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат.

XS
SM
MD
LG