Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Словакия шайлоого байланыштуу Орусияга нааразылык билдирди


Словакиядагы шайлоодо тартылган сүрөт.
Словакиядагы шайлоодо тартылган сүрөт.

Словакия парламенттик шайлоого Москва кийлигишкенин айтып, Орусиянын Братиславадагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды.

Deutsche Welle жазгандай, мындай чечимге Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкиндин добуш берүү күнүн утурлай жарыяланган билдирүүсү себеп болду. Орус тарап "АКШ Словакиядагы ички саясий кырдаалга кийлигишүүсүн күчөткөнүн" белгилеген.

Министрлик 2-октябрда элчини чакырып, өлкөдөгү "эркин жана демократиялык шайлоолордун бүтүндүгүнөн күмөн санаган" орус чалгын кызматынын жалган билдирүүсүнө нааразылык билдирди.

"Биз атайылап таратылган бул жалган маалыматты Орусия Федерациясынын Словакиядагы шайлоо жараянына жол берилгис кийлигишүүсү деп эсептейбиз", - деп айтылат анда. Расмий Братислава Орусияны “Словакияга каршы жалган маалымат таратууну” токтотууга чакырды. Орусиянын элчилиги муну куру доомат деп атады.

Словакияда 30-сентябрдагы шайлоодо орусиячыл "Курс-Словак социал-демократиялык партиясы" көп добуш алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG