Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Чоң-Алай районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды


Чоң-Алай районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Чоң-Алай районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда коомдук жайларда митинг, пикет жана тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мындай өтүнүчтү райондук милиция сотко берип, ал канааттандырылган. Милиция муну коопсуздукту сактоо максаты катары түшүндүрдү. Ошол эле маалда чектөөнүн мөөнөтүн тактай элек.

26-сентябрда Өзгөндө абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чогулууга уруксат берилген эмес. Саясатчынын отуздан ашуун тарапташы Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн “Чынар” сейил багына чогулган. Милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды тараткан.

Милиция бул чечимине 29-сентябрда түшүндүрмө берип, Өзгөндө митингдерге жана тынч акцияларга чогулууга тыюу салган чечимди Ош облустук соту 12-сентябрда чыгарганын маалымдаган. Сотко мындай өтүнүчтү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү 8-сентябрда бергени кабарланып, чектөө 8-ноябрга чейин деп белгиленген.

Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Өзгөн районундагы митинг, акцияларга коюлган чектөө боюнча "Азаттыка" маалымат берип жатып, милиция башаламандык уюштурууга шектүү адамдар бар экенин билдиргенин айткан. Ал бул чечим мыйзамдуу экенин кошумчалаган.

29-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту жергиликтүү бийликтин борбордо митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтүн үч айга узарткан. Баш калаадагы чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөт улам үч айга узартылып келген.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Орусиянын, Украинанын, АКШнын элчиликтеринин алдында жана улуттук филармония жайгашкан жерлерге да чогулууга тыюу салынган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Горький атындагы бакчага чогулса болот. Бир катар укук коргоочулар митингдерге тыюу салынышын сындап чыгышкан. (DSh\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG