Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Орусияда Биринчи каналдын мурдагы редактору сыртынан соттолду


Марина Овсянникованын былтыр июлдагы акциясы.
Марина Овсянникованын былтыр июлдагы акциясы.

Москванын соту Биринчи каналдын мурдагы кызматкери Марина Овсянникованы сыртынан 8,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу RusNews каналы сот залынан кабарлады.

Овсянникова 2022-жылдын июлунда Кремлдин фонунда пикетке чыкканы үчүн күнөөлөнүп, “саясий жек көрүүнү күчөткөн” жана "армия тууралуу жалган маалымат тараткан" деп айыпталган. Ал акцияда Овсянникова “Путин – киши өлтүргүч, анын жоокерлери – фашист” деген жазуусу бар плакатты жана Украинада өлтүрүлгөн балдардын сүрөттөрүн көтөрүп чыккан.

Бул үчүн прокуратура журналистти 9,5 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Овсянниковага 2022-жылдын август айында кылмыш иши козголуп, үй камагына чыгарылган. Октябрда кызы менен чет өлкөгө качып кеткен. Ошондон кийин Ички иштер министрлиги ага издөө салып, сот сыртынан камакка алган.

Марина Овсянникова былтыр 14-мартта “Время” программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артында туруп Москванын Украинадагы согушун айыптаган.

XS
SM
MD
LG