Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Кемпир-Абад иши: абактагылардын камактагы мөөнөтү узартылды


4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралып, 4-декабрга чейин узартылды. Кийинки соттук отурум 11-октябрга белгиленди. Бул тууралуу "Азаттыкка" адвокат Кантемир Турдалиев билдирди.

"Биз эми шаардык сотко аппеляция менен кайрылабыз", - деди Турдалиев.

Бүгүнкү соттук отурумга абактагы айыпталуучулардын баары, 11 киши алып келинген эмес.

Алардын жактоочуларынын билдиришинче, судья аларды сот жараяны аяктаганга чейин процесстен четтеткен. Жактоочулар судьянын бул чечими мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Мындан улам судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, бул өтүнүч канааттандырылган жок.

Сот абактагы айыптоочулардын процесстен четтетилгени тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Мунун алдында райондук соттун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары соттун ачык өтүшүн талап кылган акцияга чыккан.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча белгиленген сот болбой калган. Буга сот залында аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон. Анда сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган айыпталуучулар залдан чыгарылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG