Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кыргызстанда 35 мамлекеттик дарыкана ачылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште 6-октябрда өткөн коомдук угууда билдирди.

“Бир-эки ай ичинде 35 дарыкананын имараты даяр болот. Азыр биздин адистер элге керектүү дары-дармектин тизмесин даярдап, аны кайсы жактан алууну тактап жатат. "Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары өндүрүүчүлөрдөн дары сатып алынып, арзан жана жогорку сапатта элге жеткиликтүү болот”, - деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев учурда Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын, өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын маалымдады.

Жогорку Кеңеште 6-октябрда “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” жана “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин маалыматында, Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт. Негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Бул жагынан биринчи орунда Түркия, андан кийин Орусия менен Индия турат. Дары-дармектер көп импорттолгон өлкөлөрдүн катарына Германия, Польша, Словения, Франция Беларус жана Украина кирет.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG