Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Германияда Алишер Усмановдун автоунаалары конфискацияланды


Орусиялык олихгарх Алишер Усманов. 24-март, 2016-жыл.
Орусиялык олихгарх Алишер Усманов. 24-март, 2016-жыл.

Германиянын Бавария аймагында полиция жана бажы кызматкерлери орус олигархы Алишер Усмановго таандык объектилерде тинтүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Анын жыйынтыгында бир нече кымбат баалуу автоунаалар конфискация болгонун Германиянын Бажы кызматы түзгөн "Матрешка" атайын комиссиясынын мүчөлөрү билдирди.

Маалыматка караганда, алар сот чечими менен тинтүү иштерин жүргүздү. Усмановдун өкүлү комментарий берүүдөн баш тартты.

Усмановго таандык объектилерде былтыр сентябрда дагы тинтүү жүргүзүлгөн.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, жалпысынан Бавария, Баден-Вюртемберг, Шлезвиг-Гольштейн жана Гамбургдагы 24 кыймылсыз мүлк текшерилген. Операцияга 250дөй адам катышкан. Усманов санкциялык режимди бузууга шек саналып жатат.

The New York Times басылмасы мурдараак жазгандай, Усмановдун Тегернзее көлүнүн жээгинде жайгашкан Роттах-Эгерне аймагында үч вилласы бар. Жергиликтүү тургундар Усмановдун виллаларынын алдында анын мүлктөрүн камакка алууну талап кылып наарызылык акциясын өткөргөн.

Алишер Усманов Орусиянын ашынган байларынын бири. Forbes журналынын соңку маалыматында, анын байлыгы 14,4 млрд еврону түзөт. Орусия Украинага негизсиз толук кандуу согуш жарыялагандан бери Усмановду Евробиримдик, АКШ жана Британия санкциялык тизмеге киргизген. Германия бийлиги буга чейин анын бир тууганынын кымбат баалуу яхтасын камакка алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG