Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Орусияда бир жылда абакта отургандар 54 миң адамга азайды


Орусиянын абактарынын бири.
Орусиянын абактарынын бири.

Орусиядагы абакта отурган адамдардын саны 266 миңге чейин азайганын юстиция министри Всеволод Вуколов билдирди.

Анын айтымында он жыл мурда жаза өтөөчү жайларда 700 миңге жакын адам отурган болсо, бүгүнкү күнү алардын саны 266 миңдин тегерегинде гана.

"Медиазона" Вуколовдун билдирүүсү абакта отургандардын саны боюнча былтыртан берки алгачкы ачык маалымат экенин жазды. Федералдык жаза өтөө кызматы 2022-жылдын ноябрынан бери түрмөлөрдөгү киши санын ачык жазбай калган.

Басылманын белгилешинче, жаза өтөөчү жайлардагы адамдар былтыркы жылдын экинчи жарымынан тарта, "Вагнер" компаниясы аларды жапырт согушка тарта баштагандан тарта кескин азайган.

2022-жылдын сентябрь, октябрь айларында эркинен ажыратылгандардын саны 23 миң адамга азайган. Ал эми жыл аягында бул көрсөткүч 32 миң адамга чыккан. Жалпы бир жылдан берки убакта абактагылар 54 миңге азайган.

Сентябрда "Важные истории" басылмасы мурдагы "вагнерчилер" ырайым алып, Росгвардияда кызмат өтөп жатканын билдирген.

Августта "Русь сидящая" долбоорунун түптөөчүсү, журналист жана укук коргоочу Ольга Романова Украинадагы согушка аялдарды тартуу аракети жүрүп жатканын айтып чыккан.

Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткандарды согушка тартууну "вагнерчилер" 2022-жылы жайында баштаган. Компаниянын ээси Евгений Пригожин жеке өзү абактарга барып, Украинага барууга макул болгондорго акча жана эркиндик берилерин убада кылган. "Вагнердин" катарына оор кылмыштар үчүн соттолгондор да алынган.

Быйыл февралдан тарта абактагыларды "Вагнерге" тартуу токтогон. Бул аралыкта жеке аскер компаниясы аркылуу канча адам согушка тартылганы белгисиз. Ольга Романова бул көрсөткүч 50 миңдин айланасында деп билдирген.

18-июнда "Вагнердин" негиздөөсү Евгений Пригожин 32 миң жалданмачы Украинадан үйүнө кайтканын, согушта 20 миңдей жалданмачысы өлгөнүн, анын тең жарымы абактан баргандар экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG