Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Израилдин барымтада калган жарандары бошотулганы маалымдалды


Израил. 2023-жылдын 7-октябры. Иллюстрациялык сүрөт.
Израил. 2023-жылдын 7-октябры. Иллюстрациялык сүрөт.

Израилде Беэри кыштагында жана Офаким шаарында барымтага алынгандар бошотулганын бүгүн 8-октябрдын таңында бир нече жергиликтүү басылма жазды.

Kan телерадиокомпаниясы өлкөнүн түштүгүндөгү Офаким шаарындагы барымтада калган адамдар бошогонун, израилдик үч жоокер жеңил жана орточо оордуктагы жараат алганын, ал жактагы ХАМАС радикал тобунун жоочулары жок кылынганын маалымдады.

Haaretz гезити Беэридеги барымтага алынгандар бошотулганын жазды.

Андан мурдараак Израил армиясынын маалымат катчысы Ричард Хехт “ХАМАС кол салгандан кийин Израилдин аймагындагы 22 калктуу пунктта кармаш уланып жатканын” билдирген жана Беэри менен Офакимде барымтада калгандар боюнча абал оор экенин айткан. Алардын так саны азырынча белгисиз.

Reuters агенттигинин соңку маалыматына караганда, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Коопсуздук кабинетинин жыйынын өткөрүп, анда “ХАМАСтын аскердик жана өкмөттүк потенциалын жок кылууга багытталган” чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Ал өлкө аймагына кол салгандардын көпчүлүгү жок кылынганын, коргонуу чабуулдары Израилдин жарандарынын коопсуздугу толук камсыз болгончо жана жеңишке жетишкенче улана берерин айтты.

7-октябрдын таңында палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди жапырт аткылай баштаганда өлкөдө согуштук абал расмий жарыяланган. Ондогон аскерлер жана жай тургундар каза таап, айрымдары барымтага алынып, жарадар болду. Израилдин армиясы "Темир кылыч" деп аталган операцияны баштап, Газа секторуна абадан сокку урду.

Расмий ырасталбаган маалыматтарда кол салуунун натыйжасында Израилдин 250дөй жашоочусу каза таап, эки миңдей адамы жарадар болгону айтылууда.

Палестин тарап өз кезегинде Израил армиясынын соккусунан сектордо 200 адам өлгөнүн билдирди.

Израилде соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнүн Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) 7-октябрдын кечинде маалымдады.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG