Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Кыргызстан Израил менен Палестинаны ынтымакка чакырды


Газа тилкеси. ХАМАСтын Израилге кол салуусунан кийин Израилдин армиясы Газа тилкесине сокку урду.
Газа тилкеси. ХАМАСтын Израилге кол салуусунан кийин Израилдин армиясы Газа тилкесине сокку урду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу 9-октябрда билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырды.

“Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израил-палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турат. Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз”, – деп айтылат мекеменин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Израилдин армиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө соңку окуялардан улам каза тапкандар 9-октябрдын таңына карата 700дөн, жараат алгандар 2000ден ашты.

Ал эми Газа секторунда Израилдин жооп катары жасалган чабуулдарынан каза болгондор, палестин бийлигинин маалыматына караганда, 413кө жетти, 2300 киши жараат алды.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында каралды, эч кандай чечим кабыл алынган жок.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялаган.

ХАМАСтын жоочулары алгач Газа менен чектеш аймакка жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалын бутага алган. Ишемби күнү ал жерде 2 миңдей израилдик жаштар чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилде соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнүн Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) жекшембиде маалымдады.

Элчилик Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG