Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Якутиялык активист Казакстанда уурдалды


Якутск шаарындагы Айхал Аммосовдун согушка каршы акциясы. 24-апрель, 2022-жыл.
Якутск шаарындагы Айхал Аммосовдун согушка каршы акциясы. 24-апрель, 2022-жыл.

Якутиялык музыкант жана жарандык активист Айхал Аммосовду 9-октябрда Казакстанда белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти. Бул тууралуу “Каршылык” кыймылы билдирди. Маалыматка караганда, жарандык кийимчен кишилер аны автоунаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Азыркыга чейин Аммосов менен менен байланыш жок. Активисттин жакындарына таянып SOTA басылмасы жазгандай, соңку күндөрү ага Казакстандын укук коргоо органдары "өзгөчө көңүл буруп жүрүшкөн".

Айхал Аммосов (Игорь Иванов) - Орусияга караштуу Якутия жумуриятынын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн активисттердин бири. Ал Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы пикирин билдирип келген.

Бир нече жолку нааразылык акцияларынан кийин ал «армияны дискредитациялады» деген кине менен айып пул төлөөгө милдеттендирилген. 2022-август айындагы каршылык акциясынан кийин ага карата кылмыш иши козголуп, Аммосов Казакстанга чыгып кеткен. Ал жакын арада Европа мамлекеттеринин бирине кетүүнү көздөп жүргөн.

Казакстандын Ички иштер министрлиги былтыр сентябрда тараткан билдирүүсүндө мекенинде кылмыш иши козголгон орусиялыктарды Москвага кайтарып берерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG