Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

УКМК кыргыз-казак чек арасында ишкерлерди опузалап жүргөн топ кармалганын билдирди


УКМК жарыялаган сүрөт.
УКМК жарыялаган сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде ишкерлерди тоноп жүргөн кылмыштуу топ аныкталганын 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ишкерлерден акча чогултуу боюнча туруктуу схема түзгөн деген шек менен эки киши кармалды, алар уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүнүн жакын туугандары экени аныкталды.

“Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (“Экономикалык контрабанда”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагында иштеген жеке ишкерлерден мыйзамсыз баюу максатында акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды”, - деп билдирди атайын кызмат.

Азыркы тапта бул топ менен байланышы бар башка да адамдарды издөө аракети көрүлүп жатканы маалымдалды.

4-октябрда атайын кызмат Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG