Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Орусия Тажикстанга оппозициячыл активисттин бир тууганын өткөрүп берди


Орусия тажик оппозициясына караштуу "Паём ТВ" телеканалынын директору Шавкат Мухаммадинин бир тууганы Аслиддин Шарифовду Тажикстанга өткөрүп берди.

2022-жылы сентябрда Свердлов облусунда кармалган Шарифов Тажикстандын укук коргоо органдарына быйыл 1-октябрда өткөрүлүп берилгенин "Озоди" радиосуна анын жакындары билдирди.

Тажикстандын бийлиги Шарифовдун экстрадицияланганы боюнча эч кандай маалымат берген жок. Учурда анын кай жерде экени белгисиз болууда.

Жакындарынын айтымында, ал Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылы жана "Ислам кайра жаралуу" партиясы менен кызматташууга айыпталууда. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Нижний Тагил шаарындагы Тагилстроев райондук прокуратурасынын билдирүүсүндө, Аслиддин Шарифов 2021-жылдан бери федералдык издөөдө жүргөнү жазылган. Ага ылайык, Тажикстандын жараны Фейсбуктагы баракчасына "Группа 24" менен "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу" партиясын жактаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Орусиянын Жогорку Соту былтыр сентябрда "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу" партиясын террордук уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

2022-жылы Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн Тажикстанга 100гө жакын киши экстрадицияланган. Алардын көбү мекенинде терроризм жана экстремизм айыптары менен узак мөөнөткө соттолду.

36 жаштагы Аслиддин Шарифовдун үч баласы бар. Ал 2016-жылдан бери Орусияда иштеп, жашап жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG