Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Адахан Мадумаровдун иши сотко өттү


Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.
Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн 10-октябрда Бишкектеги басма сөз жыйынында анын адвокаттарынын бири Юлия Богданова билдирди. Жактоочунун айтымында, иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат:

“Биз эми соттун адилеттигине ишенип турабыз. “Мамлекеттик чыккынчылык” беренесинин негизинде коюлган айып негизсиз. Мадумаров өзү муну ага каршы атайын жасалып жаткан иш деп баалоодо”.

Богданова ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын, Мадумаровдун колуна айыптоо актысы берилбегенин белгиледи.

Саясатчынын дагы бир адвокаты Кубанычбек Туманов Мадумаровго жүрөгүн текшерген убактылуу медициналык аппарат тагылганын, 26-сентябрга караган түнү анын жүрөгү төрт жолу токтогону аныкталганын, УКМКнын бейтапканасынын кардиологу тезинен операция жасоо керектигин айтканын билдирди.

“Бирок биз ушул күнгө чейин Мадумаровду ооруканага чыгарып, ден соолугун карата албай жатабыз”, - деди Туманов.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылды. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров өзү ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

Саясатчынын адвокаттарынын соңку маалыматы боюнча атайын кызмат комментарий бере элек. (KS)

XS
SM
MD
LG