Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

БУУ Газадан 200 миңдей киши жер которууга мажбур болгонун билдирди


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык кеңсеси 10-октябрда билдиргендей, Газада төртүнчү күнү катары менен уланып жаткан калабада 200 миңдей киши үй-жайын таштап кетти же кетүүгө камынууда. Бул сан Газадагы калктын дээрлик ондон бирин түзө турганын Reuters агенттиги жазды.

Спикер Йенс Лаерке Женевадагы брифингде билдиргендей, жер которгондордун көбү мектептерде баш калкалап жатышат.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун басма сөз катчысы Газадагы медициналык мекемелерге өткөн апта соңунан бери 13 чабуул болгонун, дары-дармектер түгөнүп баратканын маалымдады.

10-октябрга караган түнү Израилдин согуштук учактары Газада ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн аймактарга бир канча чабуул койгонун эл аралык басылмалар жазышты.

АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Буга жооп катары Израил армиясы Газага сокку уруп, аймакты курчоого алды.

Эки тараптан өлгөндөрдүн саны акыркы эсептөөлөргө ылайык, 1600дөн ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG