Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен кармалганын 11-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Атайын кызмат Иминов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келгенин, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен козголгон иштин алкагында кармалганын билдирди.

Иминов жүк ташыган бир катар компаниянын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөнү кабарланды.

Анын жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

УКМК буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG