Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Блогер Адилет Балтабай УКМКда суракта болгонун айтты


Адилет Балтабай. Архивдик сүрөт.
Адилет Балтабай. Архивдик сүрөт.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 10-октябрда бир нече саат суракта болду. Бул тууралуу ал 11-октябрда “Азаттыкка” билдирип, саат түшкү 1де алып кирип, кечки 10го чейин кармашканын, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогун такташканын айтып берди.

Блогер дайынсыз болуп жатканын, Сокулук районундагы пробация мекемесине бир айда эки жолу барып катталып турарын, бул жолу кеткен бойдон келе электигин кечээ жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирген.

УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрелде эркиндикке чыгарылган.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Социалдык түйүндөрдөгү соңку видеосунда ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) боюнча бийликтин аракетин сындаган. 4-октябрда УКМК Көлбаев Бишкекте атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган жана ага бир топ айып тагылып жатканын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG