Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

АКШ Украинага 200 миллион долларлык аскердик жардам берерин жарыялады


Оңдон солго: Украинанын президенти Зеленский, Пентагондун башчысы Остин жана Украинанын коргоо министри Умеров. Брюссель, 11-октябрь, 2023-жыл
Оңдон солго: Украинанын президенти Зеленский, Пентагондун башчысы Остин жана Украинанын коргоо министри Умеров. Брюссель, 11-октябрь, 2023-жыл

АКШ Украинага 200 миллион долларлык аскердик жардам берерин жарыялады. Брюсселде украин президенти Владимир Зеленский менен кездешкенде Пентагондун башчысы Ллойд Остин жаңы пакет абадан коргонуу системасын, ракеталарды, артиллериялык амуницияны жана танктарга каршы системаларды камтырын билдирди. Жетекчилер Киевди колдогон 50 чакты өлкөнүн башын бириктирген “Рамштайн” форматындагы жолугушууга катышууда. Остин Вашингтон “Украина менен канча керек болсо, ошончо тилектеш болорун” кошумчалады.

Даниянын коргоо министри Троэлс Лунд Поулсен эмки жылдын жазында Украинага АКШда жасалган F-16 истребителдери берилерин айтты. Өткөн августта Зеленский Копенгаген 19 согуштук учак менен камсыздайт деп макуллдашылганын билдирген.

Андан тышкары Бельгиянын өкмөт башчысы Александр Де Кро украин президенти менен жолугушуудан кийин 2025-жылдан тарта Киевге F-16s истребителдери жөнөтүлөрүн жана аларды өздөрү тейлеп турушарын жарыялады.

Шаршембиде эртең менен Зеленский НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен сүйлөшүү өткөргөн. Президент карапайым элди, энергетика инфраструктурасын, азык-түлүк экспортун коргоо үчүн Украина көбүрөөк курал-жаракка муктаж болуп жатканын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG