Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:27

ӨКМ 30дай өрт өчүрүүчү бөлүк жетишсиз экенин билдирди


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанды өрт өчүрүү кызматы менен толук камсыздоо үчүн дагы 30дай өрт өчүрүүчү бөлүк талап кылынууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Урматбек Шамырканов 11-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып бул жаатта иш жүрүп жатканын айтты:

“Билесиздер, баары келип эле тыйынга такалууда. Жалпы республиканы камтыш үчүн 30дай өрткө каршы бөлүк салышыбыз керек. Ага техникалык мүмкүнчүлүк, Кудайга шүгүр, бар. Ал эми штаттык бирдик аябай оор чечилүүдө. Ошонуктан өкмөт, Каржы министрлиги, бейөкмөт уюмдар менен иштеп жатабыз”.

Шамырканов Бишкекте көп кабат үйлөрдө өрт чыккан учурда иштөөгө ылайык атайын үч шаты сатылып алынганын, алар жетиштүү экенин кошумчалады.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 2,5 миңдей өрт кырсыгы катталып, 24 адамдын өмүрү кыйылганы да айтылды.

Талкуу учурунда депутаттар өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге тез арада жете албай калып жатканын, шаарлардагы көп кабат үйлөрдө өрт коопсуздугу чаралары сакталбаганын, көзөмөл жетиштүү эместигин айтышты. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG