Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

КМШнын алкагында орус тили боюнча эл аралык уюм түзүлөт


КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму. Бишкек, Кыргызстан. 12-октябрь, 2023-жыл.
КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму. Бишкек, Кыргызстан. 12-октябрь, 2023-жыл.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунда орус тили боюнча эл аралык уюмду негиздөө жөнүндө документ кабыл алынды. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жыйындан кийин орусиялык журналисттер үчүн курган маалымат жыйында кабарлады.

Ал аталган уюмга КМШга мүчө эмес тараптар да кошулса болорун кошумчалады.

Лавров билдиргендей, муну менен катар отурумда орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо жөнүндө билдирүү да кабыл алынды.

12-октябрь күнү Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму болуп өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын министрлери жана Армениянын тышкы иштер министринин орун басары катышты. Жыйындын соңунда жалпысынан 17 документке кол коюлду.

13-октябрь күнү КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити өтөт. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, отурумга катышкан жок.

Быйыл 17-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар киргизилген.

Буга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-июлда билдирүү жасап, Кыргызстанда кабыл алынган “кыргыз тили жөнүндө” мыйзамга камтамачылыгын билдирген. Президент Садыр Жапаров 24-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Сергей Лавровго жооп берип, мыйзам орус тилин “дискриминация” кылбай турганын айткан. (KbA\ErN)

XS
SM
MD
LG