Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:37

Путин Кыргызстанга күйүүчү май былтыркыдай көлөмдө жөнөтүлөрүн айтты


Краснодарда тартылган сүрөт.
Краснодарда тартылган сүрөт.

Орусиядан Кыргызстанга жөнөтүлүүчү бензиндин жана дизелдик майдын көлөмү быйылкы жылдын жыйынтыгы менен былтыркы жылдагыдай болорун 12-октябрда Бишкекте орус президенти Владимир Путин билдирди. Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын эң маанилүү багыттарынын бири энергетика экенин, Орусия Кыргызстанга мунай продукциясын жөнөтүүчү негизги өлкө болуп эсептелерин белгилеген Путин орус тарап кыргызстандык керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын толук жаап келатканын кошумчалады:

“Бензинге жана дизелге болгон муктаждыкты толук жаап келе жатабыз. Былтыр 1,2 миллион тонна экспорттодук, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен да ушундай эле көрсөткүч болот деген ниетибиз бар. Жеңилдетилген шартта – ташып чыгаруу алымын албастан сатып жатканыбыз республика үчүн да, экономикалык операторлор үчүн да түз экономикалык натыйжасын берүүдө”.

Бир ай мурда Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттаган. Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри бир аптада 61.90 сомдон 65 сомго, АИ-95 бензини 65-67 сомдон 70 сомго чыккан.Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алып, бирок бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө таасир этпейт деп маалымдаган.

Владимир Путин Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен 12-октябрда келген. (RK)

XS
SM
MD
LG