Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Вице-мэр Бишкекте машинелерди кезек менен чыгаруу сунушун түшүндүрдү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек мэриясы шаарда автоунааларды номуруна карап кезектештирип чыгаруу планы тууралуу түшүндүрмө берди.

Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов 13-октябрда “Азаттыкка” билдиргендей, бул шаар башкармалыгынын узак мөөнөттүү планы, ага чейин коомдук траспорттун жүргүнчүлөрү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, инфраструктураны жакшыртуу иштери турат.

“Биз байкоо жүргүзүп көрдүк. Жолдон өткөн унаалардын 5% маршруткалар болсо, автобус менен троллейбустардын саны 1% деле жетпейт экен. Калганы жалаң жеке автоунаалар. Алар болгону адамдардын 25%, ал эми коомдук траспорт калган 75% ташыйт экен. Автоунаалардын көптүгүнөн тыгын пайда болууда. Бирок жеке автоунаасын айдаган адамдардын да күнөөсү жок. Коомдук транспорттордо ыңгайлуу шарт түзүлсө, шаар тургундары да өз автоунаасынан баш тартканга даяр болмок”, - деди Сазыкулов.

Мэриянын автоунааларды номуруна карап кезеги менен чыгаруу планы социалдык тармактарда талкууланып, буга нааразы болгондор болууда.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Бишкекте жеңил автоунаалардын саны жарым миллионго жеткенин, машиналардын көптүгүнөн калаадагы жол тыгындарын жоюу кыйын болуп жатканын билдирген.

Быйыл Бишкекте муниципалдык автобус көбөйтүлүп, алар үчүн чоң жолдордо атайын тилке ачылды. Мэрия муну коомдук транспорттордун ылдам жүрүшүнө шарт түзүү максатында жасалганын түшүндүргөн.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып "Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм" деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG