Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

КМШ саммитинде жыйырма чакты документке кол коюлду


13-октябрда Бишкекте өткөн Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кезектеги саммитинде жыйырма чакты документ кабыл алынды.

Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү тууралуу келишим кабыл алынып, президенттердин орус тилинин улут аралык байланыш тили катары өнүгүшүн колдоо тууралуу билдирүүсү бекитилди.

Санарип технологиялар тармагындагы мамлекеттик башкаруу системасын шайкештөө, көп полярдуу дүйнөдөгү мамлекет аралык мамилелер, жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун коргоо, орус тилин колдоо жана илгерилетүү, кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо коркунучтарын баалоо боюнча эл аралык борбор түзүү, соттук-эксперттик ишмердүүлүк боюнча координациялык кеңеш түзүү жана кылмыштуулукка каршы биргелешкен чаралар программасы боюнча макулдашууларга кол коюлуп, КМШда келерки жылдын маданий борбору деп Өзбекстандын Самарканд шаарын жарыялоо чечими кабыл алынды.

13-октябрда Бишкек шаарында КМШ башчыларынын саммити өттү. Ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан жыйынга катышкан жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG