Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Орусия БУУда ХАМАСтын атабай туруп, ок атууну токтотууга чакырды


Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя.
Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя.

Москва Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында ХАМАСтын кол салуусу тууралуу ооз ачпастан, Израилдеги жана Газа тилкесиндеги ок атышууну тез арада токтотууга чакырды. Бул тууралуу Орусия даярдаган резолюциянын долбоору менен таанышып чыккан AFP жана Axios агенттиктери билдирди.

Документте "жарандарга багытталган кандай гана зордук-зомбулук же аскердик аракеттер, бардык террордук актылар кескин айыптала турганы" айтылган.

Документте бир апта мурда Израилге кол салган палестиналык ХАМАС тобу тууралуу сөз жок.

Жыйындан кийин Орусиянын Улуттар Уюмдагы өкүлү Василий Небензя 7-октябрда Израилдин аймагында болгон окуяны айыптап, "Израилдин өзүн коргоого укугу бар" экенин билдирди.

Ал согуштун контекстин этибарга албаганы үчүн АКШнын күнөөсү "бир топ эле бар" экенин кошумчалады. БУУнун Коопсуздук кеңеши "Палестина мамлекетин түзүү максатында тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо үчүн бардык чараларды көрүшү керек" деп белгиледи.

Анын айтымында, Орусия сунуштап жаткан резолюциянын долбооруна БУУнун Коопсуздук Кеңешинин "айрым мүчөлөрү" оң көз карашын билдирген.

Бирок "France 24" маалымат булагынын жазганына караганда Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү "резолюциянын мазмунуна токтоолук менен" караган. Британиянын өкүлү документтин долбоору "отурум башталарга эки мүнөт калганда" пайда болгонун, аны ортого салуу үчүн "олуттуу кеп-кеңештер" керектигин айткан.

АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм катары таанылган ХАМАС ишемби, 14-октябрда Телеграм-каналына Орусиянын президенти Путиндин позициясына ыраазычылык билдирип, "агрессияны" токтотуу чакырыгын кубаттай турганын жарыялады. Ага чейин 13-октябрда КМШнын Бишкектеги саммити маалында орус президенти Газа тилкесиндеги кырдаалды Ленинград блокадасына салыштырган. Дээрлик 2 млн калк жашаган аймакка Израилдин жерден чабуул койгону эки тараптын тең жайкын тургундарына кыргын алып келерин айткан.

Көпчүлүк кремлчил пропагандачылар ХАМАСка колдоосун ачык билдирбегени менен Израилдин чабуулун айыптап келет.

Ал арада Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги палестиндерди коопсуз аймактарга чыгып кетүүнүн мөөнөтүн дагы алты саатка узартты. Израил палестиндерге Газа тилкесинен чыгып кетүүгө жума күнү эртең менен 24 саат берген. Андан кийин жер үстүндөгү чабуулун баштамакчы.

Учурда Бээжинде иш сапары менен жүргөн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Израилдин Газанын түндүгүндөгү 1,1 млн адамды бир сутка ичинде эвакуация кылуу талабын "аткарууга такыр мүмкүн эмес" деп белгиледи. Ага чейин Бириккен Улуттар Уюму дагы ушундай турумдагы билдирүү тараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG