Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Politico: Вашингтон Азербайжан Арменияга басып кириши мүмкүн деп кооптонууда


Евробиримдиктин ортомчулугу менен Брюсселде өткөн сүйлөшүү. 2022-жылдын 31-августу.
Евробиримдиктин ортомчулугу менен Брюсселде өткөн сүйлөшүү. 2022-жылдын 31-августу.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жакынкы апталарда Азербайжан Армениянын түштүгүнө басып кириши ыктымал деп чочулайт. Бул тууралуу АКШнын депутаттар тобу менен жолуккан маалда Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирген.

Сүйлөшүү 13-октябрда болгону айтылууда. Анда Блинкен Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү менен сүйлөшкөн маалда Тоолуу Карабакта абалды талкуулап, Азербайжанга көрүлө турган ыктымал чараларды талкуулаган.

Белгилүү болгондой, Азербайжандын акыркы чабуулунан кийин армяндардын көбү Тоолуу Карабакты таштап кетишкен.

Блинкен Мамлекеттик департамент 2002-жылдан бери АКШ Бакуга берип келаткан курал-жаракты мындан ары узартпай турганын чечип жатканын айткан.

Бул жыйындан бир нече күн өткөндөн кийин депутат Фрэнк Пэллон X социалдык тармагына (мурдагы Твиттерде) Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы операциясынан кийин кубаттанып, "Армениянын түштүгүн басып алуу максатын көздөп жатканын" жазды.

Илхам Алиев көп жылдардан бери Зангезур коридорун(Армения бул атты тааныбайт) айтып келатат, ал Азербайжандын негизги аймагы менен Армениянын түштүк аймагы аркылуу өтө турган Нахичеван эксклавын байланыштыра турган гипотетикалык жол болуп эсептелет.

2021-жылы Алиев аны күч менен кура турганын айткан.

Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимине кол коюу мүмкүндүгү жөнүндө сөз кылып жатып, коридордун ачылышын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да айткан.

Армения, Азербайжан жана Орусиянын лидерлеринин 2020-жылдын ноябрындагы биргелешкен билдирүүсүндө, конкреттүү каттамдар айтылбастан, аймакта транспорттук жолдордун ачылышы жөнүндө сөз болгон.

"Армения бул вариантты аймактык доомат жана экстерриториялык коридор талабы катары кабылдайт", – деди жакында премьер-министр Никол Пашинян. Ал коридор эгер пайда боло турган болсо, ал Армениянын юрисдикциясында гана калышы керектигин белгиледи.

Ошол эле маалда Илхам Алиевдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Хикмет Гажиев Азербайжандын Арменияга басып кирүү ниети жоктугун билдирген.

Быйыл 19-сентябрда Азербайжан 30 жылдан бери көзөмөлдөбөй келген Тоолуу Карабак аймагын аскердик операциянын натыйжасында кайра өз көзөмөлүнө алган.

АКШ менен Евробиримдик Азербайжандын мындай күч колдонуу аракеттерин колдогон жок, бирок ошол эле маалда ага Бакуга каршы эч кандай чаралар көрүлгөн жок.

Тоолуу Карабак - эл аралык коомчулук тааныган Азербайжандын аймагы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG