Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Жакынкы Чыгыш: Иран согушка кийлигишүүгө даяр экенин билдирди


Газа тилкеси. Октябрь, 2023-жыл.
Газа тилкеси. Октябрь, 2023-жыл.

Ирандын бийлиги эгер Газа тилкесин аткылоо токтобосо, Израил менен ХАМАСтын согушуна аралашууга даяр экенин жарыялады.

The Jerusalem Post маалымдагандай, Тегерандын бул эскертүүсү Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аркылуу Тель-Авивге берилди. Израилдин армиясы Иран согушка кийлигишүү менен Сирия жана Ливандын түштүгүндө "Хезболла" радикал уюму менен чогуу "экинчи фронт" ачууну көздөй турганын билдирди.

Ишембиде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Абдоллахиан Бейрутта БУУнун Жакынкы Чыгыштагы координатору Тор Веннесланд менен жолугушкан. Андан кийин ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания менен кездешкен. Абдоллахиан ХАМАСтын чабуулдарын "палестин жерлерин алуудагы тарыхый жеңиш" деп атап, кыймыл менен кызматташууну улантууну убада кылган.

Ирандын БУУдагы өкүлү соцтармактарга:

"Эгер Израилдин аскердик кылмыштары жана геноциди тез арада токтобосо, кырдаал көзөмөлдөн чыгып, узакка созулчу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Мында жоопкерчилик БУУга жана анын Коопсуздук Кеңешине коюлат", - деп жазды.

Израилдин БУУдагы өкүлү Гилад Эрдан Веннесланддын Абдоллахиан менен жолукканына жана Иранды исламчыл радикалдарды колдоосу үчүн сындабаганына нааразылыгын билдирди.

"Анын колун кыскандан кийин израилдик наристелердин канын колуңуздан жууп салууну унутпаңыз", - деп жазды ал.

АКШ Израилдин жээктерине учак алып жүрүүчү экинчи кемесин жиберди.

Бул аралыкта Израил Газа тилкесинде ХАМАСты жок кылуу үчүн жер үстүндөгү масштабдуу аскердик операцияга даярдыгын улантууда. Тилкенин тургундарына Египетке чектеш аймактарга кетүү сунуш кылынган. Он миңдеген адамдар үй-жайларын таштап чыгып кеткени кабарланууда. Египет тарапта гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаалар күтүп турат, бирок Каир азырынча чек арадагы жалгыз өткөрмө бекетин ача элек.

Израил 15-октябрда саат 10:00 - 13:00 аралыгында өзү тараптан Газага гуманитардык тилке ачууну убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG