Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:59

Польшанын оппозициясы шайлоодо жеңгенин жарыялады


Варшавадагы добушкана. 15-октябрь 2023-жыл
Варшавадагы добушкана. 15-октябрь 2023-жыл

Польшанын «Жарандык платформа» партиясынын лидери Доналд Туск парламенттик шайлоодо оппозициялык коалиция жеңгенин жарыялады. Саясатчы муну экзит-поллдун жыйынтыгына таянып билдирди. Жекшемби күнкү добуш берүүнүн расмий санактары даяр боло элек.

Бул жолку шайлоого катышкандар рекорддук 71,8 процентке жетти. Экзит-поллго же добуш берүүдөн кийинки сурамжылоого ылайык, бийликтеги «Укук жана адилет» партиясы добуштардын 36,6 % алат, «Жарандык платформага» 31%, анын потенциалдуу өнөктөштөрү - «Үчүнчү багытка» 13,5% жана "Солчулдарга" 8,6% тиймекчи.

Шайлоого чейинки социалдык изилдөөлөр башкаруудагы партиянын жеңерин, бирок өз алдынча өкмөт куруу үчүн жетиштүү мандат ала албасын көргөзүп келген. Аларга бир нече башка партиялар, анын ичинде оңчул радикал партия менен биригүүгө туура келчүдөй.

Добушканалардын үчтөн бир бөлүгүнөн алынган протоколдор саналып чыккан соң консервативдүү коалициянын ыктымал утушу жокко чыгарылбайт.

Оппозиция азыркы өкмөттү бийликти өз колуна топтоп алганы, оппозиционерлерди жана журналисттерди куугунуктаганы, евроинтеграциядан баш тартканы үчүн айыптап келет.

«Укук жана адилет» партиясы Евробиримдиктин миграция саясатын, «поляктарга жат баалуулуктарды», анын ичинде ЛГБТнын укуктарын коргоону таңуулаганын сындап жүрөт.

Шайлоо менен кошо Польшада бир нече маселе боюнча референдум өткөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG