Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Замирбек Шамшидин уулунун камактагы мөөнөтү 8-ноябрга чейин узартылды


Замирбек Шамшидин уулу
Замирбек Шамшидин уулу

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун бөгөт чарасы 16-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Замирбек Шамшидин уулуна Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (“Массалык баш аламандыктар”) алмаштырылган.

Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармаган. УКМК расмий маалымат берген эмес.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Кылмыш иши тергелип бүтүп, учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Анын адвокаты Юлия Богданованын билдиришинче ишке “жашыруун” деген гриф коюлган (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG