“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу эки жылдай убакытты талап кылат. Бул тууралуу бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.
Жыйында аталган долбоор үчүн Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан техникалык грант алуу тууралуу маселе каралды.
“Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда ниет меморандумуна кол коюлган. Бирок андан ары “жол картасы”, макулдашуу бүгүнкү күнгө чечиле элек. Алдын ала Кыргызстандыкы 34 пайыз, Өзбекстан менен Казакстандыгы 33 пайыздан. Бүгүнкү күндө “жол картасы” иштелип чыгып, макулдашууга толук келе элекпиз. Бул долбоорду баары бир салышыбыз керек – электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана экономиканы өнүктүрүү үчүн. Мурунку техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу керек болууда. Ошондуктан каражатты Дүйнөлүк банктан алганга аракет кылып жатабыз”.
Талкуу учурунда депутат Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөлөргө көбүрөөк пайыз тийип жатканын сындады жана эл аралык тажрыйбаны мисал келтирди:
“Акциялардын көп бөлүгү бир колго топтолбошу үчүн башкаларга сатышат. Биз деле ушундай жол менен кетпейлиби. Өзүбүздүн элибизге сунуштабайлыбы. Тажикстан ошондой кылды, акцияларды өзүнүн элине сатты”.
Байгазиев аталган ГЭСтин наркы 4,5 миллиард доллар деп эсептелип жатканын, долбоор даяр болгондо парламенттин кароосуна киргизилерин, сунуш-пикирлерди ошондо да айтса болорун, азыр техникалык-экономикалык негиздеме негизги маселе болуп жатканы белгиледи.
Быйыл январь айында үч өлкөнүн энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон.
Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. (RK)