Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары мамлекетке алынды


Камчы Көлбаевге таандык асыл тукум ат. Сүрөт УКМКга таандык. 16-октябрь, 2023-жыл.
Камчы Көлбаевге таандык асыл тукум ат. Сүрөт УКМКга таандык. 16-октябрь, 2023-жыл.

4-октябрда Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөн, кылмыш дүйнөсүнүн анабашы деп таанылган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жалпы наркы 500 миң доллардан ашуун асыл тукум жылкылары мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирип, "уюшкан кылмыштуу топко катышуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы маалымдагандай, Көлбаевге таандык делген жылкылар: англис тукумундагы “Баш кашка” - баасы 150 миң доллар, “Командор” - баасы 100 миң доллар, “Раушан” - 100 миң доллар, англис тукумундагы “Дончак” - 100 миң доллар, “Кундуз” – 50 миң доллар, таза кандуу англис тукумундагы “Байтал” – 50 миң доллар, “Острый” – 15 миң доллар, ошондой эле маркум Рысбек Акматбаевдин туугандарынын сарайынан алынган баасы 5000 доллар турган асыл тукум бээ бар.

УКМКнын 10-октябрдагы маалыматына караганда, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык жаран кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG