Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

"Вагнердин" ордун "Редут" ээлей баштаганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда негизделген «Вагнер» жалданма аскерлер тобунун ордун эми «Редут» деп аталган жеке аскердик компания ээлей баштаганын Улуу Британиянын аскердик чалгын кызматы билдирди. Би-Би-Си 16-октябрда маалымдагандай, «Редут» ыктыярчылар деген шылтоо менен жалданма адамдарды, анын арасында «Вагнердин» мурдагы кызматкерлерин азгыруу менен алектенип жатат.

Британиялык чалгынчылардын маалыматына караганда, аны Орусиянын Башкы штабынын Башкы чалгын башкармалыгы көзөмөлдөөдө жана каржылоодо.

«Редуттун» катарында 7 миңдей адам бар экени, алар Украинанын Донецк, Харьков, Киев жана Луганск облустарындагы кол салууларга катышып келатканы, ал өзү Орусиянын Коргоо министрлигинин аскерлеринин катарын толуктоо үчүн пайдаланылып келаткан көптөгөн жеке аскердик компаниялардын жана ыктыярчы топтордун бири экени кабарланды.

“Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин 23-августта Твер облусунда учак кулаганда каза болгон.

18-июнда Пригожин 32 миң жалданмачы Украинадан үйүнө кайтканын, согушта 20 миңдей жалданмачысы өлгөнүн, анын тең жарымы абактан баргандар экенин айткан.

Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG