Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шек саналып, камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы 17-октябрда пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жана анын консультанты менен жакын досу кармалганын билдирди.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө судьянын банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап акча талап кылуу жана ири өлчөмдө пара алуу фактылары катталган.

УКМК билдиргендей, анын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. кылмыш ишинде шек саналып жаткан адамдардан акча алып турганы аныкталган. Тергөө ишинин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Жаза аткаруу кызматынын 1-тергөө абагына камакка алынды.

5-сентябрда баш прокурор УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “опузалап пара талап кылуу жана алуу” беренелеринин негизинде экинчи кылмыш ишин козгогон.

“16-октябрда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Жарандардын бири судья оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылып жатканы тууралуу кайрылганын, ошондуктан судьяга иш козголгонун атайын кызмат быйыл апрель айында кабарлаган.

Сентябрь айында Судьялар кеңеши Бишкек шаардык соту менен Бишкектин Ленин райондук сотунун судьяларын (И.Н.А жана К.Н.Т.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Сентябрда Бишкек шаардык сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” беренелери менен иш ачылган.

Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, аларды кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө президент Садыр Жапаровго сунуш киргизген.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардын кармалышы боюнча комментарий берип, “сот тармагы ыплас, кылмышкер судьялардан арылышы керектигин” билдирген. Ал буга чейин да сотторго бир катар эскертүү бергенин кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG