Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

«Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы үчүн Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамынан ажыратышы мүмкүн экени айтылды


Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

«Чет өлкөлүк өкүл» жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамынан ажыратышы ыктымал деген коркунуч жаралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште аталган мыйзам боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Ал Евробиримдик Кыргызстанда талкууланып жаткан бул мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алганын, ВСП+ жеңилдиктер макамы дүйнөдө саналуу гана өлкөгө берилгенин эскертти жана ишкерлер, бизнес коомчулук депутаттардын демилгесине тынчсызданып жатышканын билдирди:

“Июль айында Европа парламентинин резолюциясы чыккан. Анда ушул мыйзам долбоору тууралуу баса белгиленип, Европа комиссиясына Кыргызстанга карата ВСП+ артыкчылыгы берилген системаны кайра карап чыгуу сунушу берилген. ВСП+ системасы дүйнө жүзү боюнча тогуз мамлекетке гана берилген, анын ичинде биз барбыз. Ал биздин 6 миңден ашуун товарды бажы төлөмүсүз экспорттоого жол ачып берди 2015-жылы. Ушул статустан да кол жууп калсак биздин экономикага абдан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул статустун бирден-бир критерийи – демократия жана адам укуктары”.

Сыдыков эл аралык уюмдар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына биринчи кезекте көңүл бурушарын белгилеп, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары коммерциялык уюм катары катталганын, андыктан бул мыйзам аларга да таасир этерин кошумчалады:

“Сөз эркиндиги бизге абдан маанилүү, себеби мыйзамдар, демилгелер тууралуу көпчүлүк учурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билебиз. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса жалпыга малымдоо каражаттарына басым, кысым кылууга же алардын укуктарын тебелөөгө жол ачып берсе бул дагы терс таасирин тийгизет”.

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жараларын бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве белгиледи. Ал сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин билдирди.

Бүгүнкү парламенттик угууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү, эл аралык уюмдардын жүздөн ашуун өкүлү катышып жатат.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын бергенин, жалпы жолунан концепциясын колдой турганын, бирок айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу керек экенин белгиледи.

Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кылмыш жообуна тартуу тууралуу норманы киргизүү зарылчылыгы жок экенин, себеби андай берене азыркы кодексте бар экенин айтышты. Акыйкатчынын орун басары бейөкмөт уюмдар саясий ишмердүүлүккө аралашып жатабы же жокпу, аныктоо маселеси бар экенин, Салык кызматы бейөкмөт уюмдар мекеменин сайты аркылуу каржылык отчетун берип турарын айтышты.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Надира Нарматова «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG