Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:40

Президент пара алууга шектелип камалган судьяны кызматтан убактылуу четтетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек шаар сотунун судьясы Назгүл Илиязованы кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу жарлыгын чыгарды. Бул тууралууу Юстиция министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, президенттин бул чечими Соттор кеңеши аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук бергенден кийин кабыл алынган.

27-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова 5 миң доллар пара алууга шек саналып кармалганын билдирген. Ошол эле күнү Соттор кеңеши президентке аталган судьяны кызматынан убактылуу чететтүүнү сунуш кылган.

УКМК Назгүл Илиязова менен чогуу Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев да пара алууга шек саналып жатканын кабарлаган. Атайын кызмат 17-октябрда Кенжебаев 2 миң доллар пара алууга шектелип кармалганын, ага жарандардан акча алууга жакын досу жана бир туугандары көмөктөшүп келгенин, жакын досу да камакка алынганын билдирди.

Соттор кеңеши Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. 22-сентябрда Башкы прокуратуранын Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу колдоо тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG