Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Зулушев жаңы ат майдандын долбоору даяр болгонун айтты


Президент Садыр Жапаровдун "Ак-кула" ат майданын абалы менен таанышып жаткан учуру. 3-март, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун "Ак-кула" ат майданын абалы менен таанышып жаткан учуру. 3-март, 2023-жыл.

Кыргызстандын башкы прокурору, Эл аралык Көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев жаңы ат майдандын долбоору иштелип чыкканын айтты. Бул тууралуу ал 17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйынында билдирди.

“Өткөн жумада президент Садыр Жапаров мага тапшырма берди. Тийешелүү кызматкерлер тарабынан жаңы ипподромдун долбоору чийилип бүттү. 20 миң орундуу болот. Жаңы иппопромду курууга пост ГАИ (Бишкектин батыш тарабы) жактан 210 гектар жер бөлүү маселеси кийинки жума өкмөттө каралат”, - деди ал.

Ушул жылдын март айында Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданынын ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жаңы ат майданга башка жер караштыруу керек экенин президент Садыр Жапаров билдирген.

Көкбөрү боюнча республикалык мелдештер "Ак-Кула" атмайданында 2019-жылдагы Нооруз майрамынан бери өтпөй, оюндар Чолпон-Ата шаарындагы жана аймактардагы атмайдандарда өтүп келген. Буга Бишкектеги ипподромдун авариялык абалга кептелип, адамдар үчүн кооптуу экени, техникалык абалы нормаларга жооп бербей калганы себеп болгон. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG