Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Карачи–Бишкек транспорттук коридорун өнүктүрүү маселеси талкууланды


Эдил Байсаловдун Фаррух Шахзад Рао менен жолугушуусу.
Эдил Байсаловдун Фаррух Шахзад Рао менен жолугушуусу.

Карачи–Кашгар–Бишкек (Каракорум шоссеси) транспорттук коридору жыл бою иштей турган тартипке өтүп жатканын бүгүн 17-октябрда Пакистандын Улуттук логистика борборунун (NLC) башкы директору Фаррух Шахзад Рао Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн башчысынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү транзиттик жүк жүктөлгөн алгачкы автоколонна Бишкекке келери пландалууда.

Жолугушууда NLCнын Кыргызстан менен кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды.

Эдил Байсалов Кыргызстан Пакистан менен транспорттук-логистикалык жана товардык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, Карачи шаары биз үчүн жакынкы деңиз порту болуп эсептелерин белгилеп, президент Садыр Жапаровдун өлкөнү чыгыш менен батыштын жана түндүк менен түштүктүн ортосундагы транспорттук хабга айландыруу тууралуу эл аралык демилгеси тууралуу айтып берди.

Азия менен Европаны бириктирген транспорттук маршруттар көп. Алардын айрымдары Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Европа-Кавказ-Азия же расмий ТРАСЕКА деп аталган мультимодалдык транспорттук коридор программасы 1998-жылы иштей баштаган. Эл аралык коомчулукта “Түштүк коридор” деп да аталат.

Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) деген эл аралык программа дагы бар. Анын Борбор Азияны аралап өткөн алты мультимодалдык транспорттук коридору бар. Төртөө Кыргызстан аркылуу өтөт. Бирок, өткөн жүктүн көлөмү өтө көп эмес.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралы Түштүк Азия менен Европага жол алган транспорттук система болуп эсептелет. Бул жолдун демилгеси жана логикасы Кытай өкмөтүнө таандык. Кыргызстан транзиттик аймак катары катышып, андан олуттуу киреше табары белгиленип келет. Үч тараптуу мекеме түзүлүп, долбоорлоо иштерин жүргүзүп келет, курулуш иштери ушул жылы башталары жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG