Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Карындашын коргоп ок чыгарган киши абактан бошотулду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2022-жыл, июль айы.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2022-жыл, июль айы.

Токмокто карындашын коргоп, адам өлүмүнө айыпталган Сухраб Жумакулов Чүй облустук сотунун чечими менен пробациялык көзөмөлгө эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу 17-октябрда анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, облустук сот жабыркаган тараптын макулдугун эске алып, Жумакуловду бир жылдык пробациялык көзөмөл шарты менен сот залынан бошотту.

Туура төрт ай мурда, Чүй райондук соту аны үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Жумакуловго алгач Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) 2-бөлүгү (“Бейбаштык максатта”) жана 267-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча айып коюлган. Сот чечиминде ал беренелер 123-беренеге (“Аффект абалында адам өлтүрүү”) алмаштырылган.

2022-жылы июль айында Чүй милициясы Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында ок жеген 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумганын маалымдаган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Айдоочу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткенин, бирок ал артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылганын айтып берген. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Шектүү катары 36 жаштагы Сухраб Жумакулов кармалган. Карындашы бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранган. (TSh)

XS
SM
MD
LG