Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Жалал-Абад: 70 жаштагы Салия Таштанова үй камагына чыкты


УКМК кармаган Салия Таштанова жана Чыныгүл Шеркулова
УКМК кармаган Салия Таштанова жана Чыныгүл Шеркулова

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын бөгөт чарасы өзгөрүп, 17-октябрда үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Таштанованын бөгөт чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыккан.

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованы жана "Бүтүн-Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулованы 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаганы белгилүү болгон.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга чакырык") менен айып коюлган.

Адвокат Токтосун Жоробеков Таштанова "президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген жүйө менен, ал эми Шеркулова "жалган маалымат тараткан" деген жүйө менен кармалганын билдирген.

Атайын кызмат алардын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.

Аялдардын кармалышы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында да маселе көтөрүлүп, депутат Гүля Кожокулова Башкы прокуратурадан толук маалымат берүүнү өтүндү.

Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камакка алынды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду. Муну оппозиция бийликтин кысымы катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG