Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулганын билдирди.
Мекеменин 18-октябрдагы билдирүүсүндө текшерүүнүн жүрүшүндө Бажы кызматынын ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдары аныкталганы, алар Көлбаев жана Матраимов менен тыгыз байланышта болуп келгени такталганы жазылды.
Атайын кызмат жумуштан алынган кызматкерлердин аты-жөнүн, кызмат ордун тактаган жок.
УКМК "мамлекеттик мекемелердеги абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу” ишин улантып жатканын кошумчалады.
Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. УКМК мындан кийин криминалга каршы күрөш уланарын айткан жана Көлбаевге тиешеси бар делген бир канча киши кармалып, камакка алынды.
Көлбаев менен байланышы болушу мүмкүн деген адамдардын катарында Матраимовдун да аты аталып келген. "Азаттык" алардын байланышы тууралуу иликтөөсүн 2020-жылы жарыялаган.
2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап, ал бажыдагы башка аткаминерлер менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн аныктаган. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төгүп берген.
Эл аралык коомчулук Көлбаевди трансулуттук баңгизат соодасына аралашкан деп айыптаган. Аны ооган героинин Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу ташыган "түндүк маршрут" деп аталган багытты жолго салган деп белгилешкен. Көлбаевдин мындай ишмердиги кооптондургандыктан АКШнын Финансы министрлиги ага каршы эки жолу санкция салган.