Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:15

Кыргызстан Газадагы гуманитардык укук бузууну тезинен иликтөөгө чакырды


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек. Кыргызстан.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек. Кыргызстан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 18-октябрда маалымат таратып, көптөгөн адам өмүрүн кыйган Газа тилкесиндеги "Ал-Ахли" ооруканасындагы жарылууну айыптаарын билдирди. Расмий Бишкек эл аралык гуманитардык укук бузууну ар тараптан иликтөөгө чакырды.

"Элди жана инфратүзүмдөрдү коргоого алган эл аралык гуманитардык укуктардын нормаларын жана жоболорун сактоонун маанисин баса белгилейбиз", деп жазылган маалыматта.

Билдирүүдө тышкы иштер мекемеси мындан тышкары тараптарды жай тургундардын өлүмүнө жана зомбулукка жол бербөөгө, согуштук аракеттерди токтотуп, тынчтыкты орнотуу үчүн сүйлөшүүнү тезинен баштоого үндөгөн.

Кыргызстан израил-палестин жаңжалын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык тынч жол менен чечүүнү колдой турганы жазылган.

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги 17-октябрда шаардык ооруканадагы жарылуудан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын билдирген. Израил армиясы ооруканадагы окуяга тиешеси жок экенин билдирип, аны палестин жоочуларынан көрдү.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

MedGlobal эл аралык кайрымдуулук уюмунун башчысы Захер Сахлул кандуу окуяны медициналык мекемеге жасалган "акылга сыйбас кол салуу" деп атап, аны "аскердик кылмышка" теңеди.

Кандуу каргашаны дүйнө лидерлери дароо айыпташты. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо "үрөй учурган жана такыр кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү.

Египет, Иорданиянын лидерлери айыптаган билдирүүлөрдү жасашты. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган "Газадагы зулумдукту токтотууга" чакырды.

Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жараат алды.

Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG