Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Ташкент Кош-Төбө каналына байланыштуу Ооганстанга өкмөттүк делегациясын жөнөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда талибдердин өкмөтү куруп жаткан Кош-Төбө каналынын курулушу тууралуу сүйлөшүү үчүн Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Кабулга барат.

Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы Сурхандарья облусунун башчысы Улукбек Касымовго шилтеме жасап кабарлады.

Талибдер башында турган Ооганстандын өкмөтү 11-октябрда талаштуу Кош-Төбө каналынын узундугу 108 чакырымды түзгөн биринчи тилкесинин курулушу аяктап, экинчиси башталганын жарыялаган.

Балх провинциясында өткөн салтанаттуу аземде тышкы иштер министринин орун басары Шермухаммад Аббас Станикзай Ооганстан Амударыядан сууну эл аралык эрежелерге ылайык аларын жана кошуна мамлекеттердин тынчсыздануусуна негиз жок экенин билдирди.

Буга чейин адистер Кош-Төбө каналы курулуп бүтсө, Борбор Азиядагы эң ири Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулуп, Өзбекстанда суу таңкыстыгы жараларын эскерткен.

Кош-Төбө каналы курулары быйыл мартта белгилүү болгон. План боюнча анын жалпы узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, ал эми тереңдиги 8,5 метрди түзөт. Талибдердин эсебинде, беш жылда курулуп бүткөндө бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыздашы керек.

Канал Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат.

"Азаттыктын" ооган кызматы жазгандай, Кош-Төбө каналынын курулуш долбоору өткөн кылымда, өлкөнүн биринчи президенти Мухаммад Дауд Хандын бийлиги учурунда иштелип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG