Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Орусияда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти кармалды


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусияда журналисти кармалганын айыптайт. Төрт айдан бери Казан шаарынан Прагадагы үй-бүлөсүнө жете албай жаткан журналист, радионун татар-башкыр кызматынын редактору Алсу Курмашева 18-октябрда кармалганы, ага чет элдик агент катары каттоодон баш тартканы үчүн жаңы айып тагылганы маалым болду.

Орусияда мындай айыптын жаза чарасы беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«Алсу – урмат-сыйга татыктуу кесиптеш, үй-бүлөсүндө үлгүлүү жубай жана эки баланын мээримдүү энеси. Ал тез арада эркиндике чыгып, үй-бүлөсүнө кайтып келиши керек», - деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин.

Kурмашева АКШнын жана Орусиянын жараны. Үй-бүлөсү менен Прага шаарында жашайт.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети редакторго "жалган" айып тагылганын белгилеп, аны тезинен бошотууну талап кылды.

"Журналисттерди коргоо комитети АКШ менен Орусиянын жараны Алсу Курмашеванын кармалганына терең тынчсыздануусун билдирип, ага коюлган жалган айыпты алып салып, анын тезинен бошотууга чакырат", - деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.

Быйыл март айында Орусияда иштеген Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович тыңчылыкка айыпталып кармалган, учурда ал Москвада тергөө абагында отурат.

2012-жылдан бери Орусияда "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирген. Аны орус бийлиги сырттан каржыланган уюмдарга, өкмөттү сындаган жарандарга каршы колдонууда. Бул мыйзамдын айынан жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер жана активисттер куугунтукка кабылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG