Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

"Кумтөрдүн" 30 жылдыгына карата бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды


Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.
Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына карата жана кендин мамлекеттин менчигине өтүшүнө салым кошкондорго бир катар сыйлыктарды ыйгарды.

Анда юстиция министри Аяз Баетовго III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды.

“Даңк” медалы менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Илдар Гильфановго, “Кумтөр Голд Компаниясы” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Умбеталы Кыдыралиев сыйланды.

“Кумтөрдүн” туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Марат Ибраевге, “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Кумтөрдүн” өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоевге “КРнын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген наам ыйгарылды.

Жогорку Кеңештин бир катар экс-депутаттары жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер “Ардак Грамота” менен сыйланды.

Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Кумтөр Голд Компанинин” 30 жылдыгына карата иш-чара өттү. Мамлекет башчы алтын кен элдин пайдасына иштеп жатканын, Кумтөрдө көмүлгөн калдык кайра иштетилерин, 2026-жылдан тартып андан алтын ылгап алуу башталарын айтты.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Башкы прокуратура Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердүүлүккө байланыштуу төрт кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган.

Быйыл жыл башынан бери Кумтөр алтын кенинде 14 тонна алтын казылып алынганын 17-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинде "Кумтөр голд компани" ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирген. Анын айтуусунда былтыркы жылы 986 млн доллар жалпы киреше алынган, анын 371 млн доллары таза киреше болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG