Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

Өпкө оорусуна чалдыккан бейтаптар бир жылда 700 миңге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 19-октябрда Бишкекте Дем алуу органдары жана аллергия илдеттери боюнча кезектеги улуттук конгресси башталды. Быйыл 13-жыл уюштурулуп жаткан иш-чарага кыргызстандык дарыгерлерден, окумуштуулардан тышкары Улуу Британия, Дания, Швейцария, Польша, Бельгия, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, негизги көңүл респиратордук илдетке чалдыккан бейтаптарды реабилитациялоо, катардагы антибиотик дарылардын күчү жетпей калган оорулар маселесине арналат. Катышуучулар өпкө жана башка дем алуу органдарынын оорусу менен ооруган бейтаптарды дарылоодогу жаңы технологиялар жана инновациялар, эл аралык программалар менен таанышып чыгышат.

Адамдын дем алуу органдарын жабыркаткан оорулар Кыргызстандын негизги медициналык жана социалдык көйгөйлөрүнүн, адам өлүмүнө алып келген башкы себептердин бири экенин адистер айтууда.

Былтыр өлкөдө мындай бейтаптардан 700 миң адам катталган, алардын 200 миңи өпкө оорусу оор өнөкөт формага өтүп кеткендер. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан Борбор Азия жана Европа аймагында өпкө ооруларынан каза болгон бейтаптар саны боюнча биринчи орунда турат (100 миң адамдын ар бир отузу). (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG