Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Казакстан Орусияга товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салды


Казакстандын бийлиги Орусияга товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салды. Тизмеге аскердик максатта колдонулчу продукция киргизилгенин KazTAG кабар агенттиги жазды.

Казакстандын экономика жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаевдин айтымында, өлкө “чектөө салынган, согушка тиешеси бар 106 түрдөн тышкары бардык товарларды экспорттойт”.

Тыюу салынган продукциянын катарына негизинен чет жактарда жасалган электрочиптер жана электрондук жабдыктар кирди. Төребаев аларды алып келүүгө уруксат берилген, бирок экспорттоого болбойт деп кошумчалады.

Май айында орусиялык "Важные истории" басылмасы, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) жана германиялык Der Spiegel жүргүзгөн иликтөөдө Орусия санкцияларды буйтап, казакстандык компаниялардан Украинадагы согуш үчүн чиптер менен дрондорду сатып алып жатканы айтылган.

Казак бийлиги былтыр май айынан тартып аскердик максаттагы товарларды Орусияга сатууга тыюу салганын, эки максатта пайдаланылчу продукцияны экспорттоого уруксат алуу эрежесин киргизгенин айтып келет.

Ошол эле маалда казак Тышкы иштер министрлиги менчик компаниялар тыюу салынган товарлардын реэкспорту менен алектениши мүмкүн экенин, бийлик андайга жол бербөөгө аракеттенгенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG